ЕАЭБ: Иран менен эркин соода келишими боюнча уюмдагы процедуралар бүттү

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Ирандын ортосундагы эркин соода боюнча келишим күчүнө кирүүгө даяр. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев билдирди.

Ал Иран президенти Масуд Пезешкиан менен бизнес-коомчулук өкүлдөрүнүн консультациялык жолугушуусуна катышкан.

«Учурда ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишимин күчүнө киргизүү үчүн ЕАЭБде зарыл болгон бардык процедуралар аяктады. Жакын арада бул процесс Иранда да аяктайт деп күтөбүз», — деди Слепнев.

Министр соода-экономикалык кызматташуунун потенциалын толук ишке ашыруу үчүн мамлекеттер аралык деңгээлде гана эмес, ишкерлердин ортосундагы байланыштарды чыңдап да көмөктөшүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ал ошондой эле бизнес-өкүлдөрдү келишимди ишке ашырууга активдүү катышууга жана Ирандын ЕАЭБдеги байкоочу статусун эске алуу менен түзүлгөн механизмдердин алкагында иштөөгө чакырды.

Related posts

Кар жаайт. 1- декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы 

admin

Жалал-Абадда кар көчкү түшкөн аймакта айдоочу менен жүргүнчү изделип жатат 

admin

Айыл чарба министрлиги Латвия жана Литванын  ветеринардык  жана фитосанитардык  контролдоо пунктары менен таанышты

admin

Комментарий