УКМК тоо-кен компаниясынын мурдагы директорун кармады

 Мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиргендиги үчүн «Г.К.М.», «Е.Н.Н.» ЖЧКсынын мурдагы башкы директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында “Г.К.М.“, “Е.Н.Н.” ЖЧКларын банкроттоо жол-жоболорун мыйзамсыз жүргүзүүнү уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды.

Тактап айтканда, “Г.К.М.”, “Е.Н.Н.” ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Талас облусунун Айтматов районунун Корумтор аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензияны кармап туруу үчүн 144 млн 461 миң 322 сом өлчөмүндө жыйымдын эсептелгенин билип туруп, мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен аталган төлөмдөрдү мамлекеттин кирешесине төлөөдөн баш тартуу боюнча схема уюштургандыгы такталды.

Учурда кылмыш ишинин алкагында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бардык тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

Фетхуллах Гүлендин сөөгү каякта жерге берилет?

admin

Сот Канышай Мамыркуловага каршы апелляциялык арызды четке какты

admin

Бакуда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маарекелик иш-чара өттү. Сүрөттөр

admin

Комментарий

WWW.NET.KG WWW.NET.KG