УКМК: Бишкектеги мурдагы мамлекеттик бала бакчанын эки кабаттуу имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаары, К.Тыныстанов көчөсү, 193а дарегиндеги, «Ак-Кеме» бала бакчасынын жанында жайгашкан аянты 314 чарчы метр мамлекеттик бала бакчанын эки кабаттуу имараты мамлекеттик менчиктен (приватташтыруунун) мыйзамсыз чыгарылган фактылары аныкталган.
Тактап айтканда, 1995-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын мурдагы кызмат адамы ошол кездеги нормаларды жана жоболорду бузуу менен, мурда Бишкек шаарындагы мамлекеттик бала бакчанын ашканасы жана кир жуучу жайы болгон бул социалдык багыттагы мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган. Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган объекттин ээси бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, өз ыктыяры менен кафе катары пайдаланган эки кабаттуу имаратты жанаша жаткан жер тилкеси менен мамлекеттин пайдасына өткөрүп берүүнү билдирген.
Азыркы учурда аталган эки кабаттуу имарат мындан ары максаттуу пайдалануу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилгенин белгилей кетүү керек.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Related posts

УКМК төрагасы КМШ мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешине катышты

mediaportalk

Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм жекекчиси системалуу түрдө пара алып жаткан жеринен кармалды

mediaportalk

Өзүнчө күзөт жана камсыздоо батальонунун жаш жоокерлери ант беришти

mediaportalk

Комментарий