Кыргызстанда УКМК жана ФСБ академияларына кабыл алуу башталды

2025-жылдын 27-январынан 27-февралына чейин Кыргыз Республикасында генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы УКМКнын Академиясына жана Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын Академиясына документтерди кабыл алуу башталат.

Документтер шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 09:30дан 17:00гө чейин кабыл алынат. Билим берүү программалары улуттук коопсуздук органдарынын кесипкөй кызматкерлерин даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга багытталган.

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:

  • Жаш курагы: 17 жаштан 21 жашка чейин.
  • Бою: 170 см жана андан жогору.
  • Салмагы: 60 кгдан кем эмес.
  • Орто билим тууралуу аттестаттын же орто кесиптик билим тууралуу дипломдун орточо баасы: 4,0 баллдан төмөн эмес.
  • Соттолбогондук (өзү жана жакын туугандары).
  • Чет мамлекеттин жарандыгынын жоктугу (өзү жана жакын туугандары).

Собеседованиеден ийгиликтүү өткөн талапкерлер төмөнкү этаптарга катышууга мүмкүнчүлүк алышат:

  • медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү;
  • дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;
  • психологиялык тестирлөөдөн өтүү (IQ тест);
  • полиграф колдонуу менен атайын изилдөө жүргүзүү;
  • кирүү экзамендерин тапшыруу.

Документтерди тапшыруу даректери:

  • Бишкек шаары: Профсоюз көчөсү, 104 «А»-үй, тел.: 0 (312) 30-73-86.
  • Чүй облусу: Бишкек ш., Кийизбаев көчөсү, 206-үй.
  • Ош шаары жана Ош облусу: Ош ш., Баялинов көчөсү, 5-үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32.
  • Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад ш., Байзаков көчөсү, 53-үй, тел.: 0 (3722) 5-60-49.
  • Баткен облусу: Баткен ш., Курманжан Датка көчөсү, 15/2-үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33.
  • Талас облусу: Талас ш., Карл-Маркс көчөсү, 27-үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43.
  • Нарын облусу: Нарын ш., Ленин көчөсү, 86-үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19.
  • Ысык-Көл облусу: Каракол ш., Кутманалиев көчөсү, 148-үй, тел.: 0 (3922) 5-11-80.

Кошумча маалыматты ГКНБнын расмий сайтынан алсаңыз болот: www.gknb.gov.kg.

Related posts

Дарыгерлер учурда балдар ооруканасына күнүно канча бала кайрылаарын айтышты

admin

Равшан Жээнбековдун 16 миллион сомдук эс алуу зонасы мамлекетке кайтарылды

admin

Сокулукта «Кадастр» мекемесинин кызматкерлери жана УКТ мүчөлөрү кармалды   

admin

Комментарий