Төө-Ашууда кар көчкү атып түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жабылууда

24-январда Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек — Ош жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолдорунда кар көчкү түшүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 132, 133 жана 135-чакырымында, ал эми Суусамыр — Талас — Тараз жолунун 198-чакырымында кар көчкүнү түшүрүү үчүн артиллериялык эсеп колдонулууда.

Бул иштерди жүргүзүү учурунда унаа жолдордо маал-маалы менен бардык транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө.

Related posts

Илон Масктын компаниясы адамдын мээсине чип орнотту

admin

Жаан жаабайт. 26-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Жалал-Абадда жаандын кесепетинен үй короолорун суу каптады (сүрөт)

admin

Комментарий