Бийлик Каракол паркын Ала-Арча сейил багындай өнүктүрүүгө белсенүүдө

Каракол улуттук паркынын инфраструктурасын жаңыртуу жана өнүктүрүү боюнча ири өзгөртүүлөр пландалып жатат. Президенттин иш башкармалыгы маалымдагандай, паркта заманбап A-frame үлгүсүндөгү үйлөр курулуп, толугу менен санариптештирүү иштери жүргүзүлмөкчү.

Каныбек Туманбаевдин жетекчилигинде өткөн жыйында Каракол улуттук табият паркын Ала-Арча улуттук паркынын үлгүсүндө өнүктүрүү талкууланган. Парк аймагындагы ижарага берилген жерлерди ирээтке келтирүү сунушталып, аймакта санариптештирүүнүн төмөнкү чаралары белгиленди:

  • Электрондук шлагбаумдар жана акылдуу кулпуларды орнотуу;
  • Төлөмдөрдү накталай эмес жүргүзүү механизмин киргизүү.

Бул чаралардын негизги максаты — коррупцияны алдын алуу жана паркты заманбап туристтик жайга айландыруу. Ошондой эле, жыйында Караколду кышкы туризмдин борбору кылуу боюнча пландар талкууланды. Учурда аэропорттун курулушу аяктап, 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманканалардын курулушу жүрүп жатканы белгиленди.

Бул иш-чаралардын натыйжасында Каракол улуттук паркынын туристтик потенциалы кыйла жогорулап, жергиликтүү жана эл аралык туристтер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөрү күтүлүүдө.

Related posts

Парламенттен кечирим сураган Эдил Байсаловго депутаттар бир топ сын айтты

admin

КР УКМК: Жаза аткаруу мекемелериндеги уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо каналына бөгөт коюлду

admin

Садыр Жапаров 54 жашка толду 

admin

Комментарий