Климатолог январдын жылуу болушунун бир себебин айтты

Январь айынын жылуу болушуна «Түндүк агымдагы» авариядан кийин газдын бөлүнүп чыгышы себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу климатолог Николай Терешонок билдиргенин РИА Новости жазды.

«Мен Эль-Ниньодон тышкары, «Түндүк агымдагы» кырдаал олуттуу роль ойногон деп эсептейм. Бул газ көмүр кычкыл газынан ондогон, атүгүл жүздөгөн эсе көп парниктик эффект чыгарган», — деди ал.

Климатолог белгилегендей, кээ бир эксперттер мындай өзгөрүүлөргө алып келүү үчүн чыккан газдын көлөмү жетишсиз деп эсептешет. Бирок Терешонок мунун жаңылыш ой экенин айтууда.

Россиядан Европага газ ташылган «Түндүк агым» жана «Түндүк агым-2де» 2022-жылдын 26-сентябрында жарылуу болгон. Германия, Дания жана Швеция бул атайылап жасалган иш экенинен шек санаган эмес. Россиянын Башкы прокуратурасы эл аралык террордук акт боюнча ишти демилгелеген. Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Москва «Түндүк агымдын» жардыруулары боюнча маалыматты бир нече ирет сурап, бирок бир да жолу жооп албаганын айткан.

2023-жылдын мартында Батыштын ЖМКларында диверсияны «Украинага ыктаган топ» жасаганы айтыла баштаган.

Америкалык журналист, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Сеймур Херш 8-февраль күнү Европага газ экспорттогон россиялык газ түтүктөрүндөгү теракт боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Өз маалымат булагына таянуу менен ал жардыруучу түзүлүштөрдү магистралдын алдына 2022-жылдын июнь айында Baltops машыгуусуна жамынып, АКШнын Деңиздеги аскер күчтөрүнүн суучулдары орнотконун жазган. Херштин айтымында, аларга норвегиялык адистер көмөктөшкөн. Журналист операция боюнча чечимди АКШ президенти Жозеф Байден тогуз айлык талкуудан кийин кабыл алганын белгилеген эле.

Кийинчерээк Пентагон АКШнын газ куурларды жардырууга эч кандай тиешеси жок деген билдирүү тараткан.

Related posts

Бишкекте жашы жете элек кыз сойкулукка мажбурланган. 23 жаштагы кыз кармалды

admin

24 градуска чейин — Кыргызстанда 25-мартка карата аба ырайы

admin

Бүгүндөн баштап ажылык сапарга каттоо башталды 

admin

Комментарий