Бишкекте “Агро-Диалог 2025” агроөнөр жай форуму өз ишин баштады

Бүгүн, 28-январда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган “Агро-Диалог 2025” агроөнөр жай форуму өз ишин баштады.

Төрт күнгө созулган иш-чарага айыл чарба тармагынын лидерлери, мыкты фермерлер, ишкерлер жана адистер катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Форум ишкерликти өнүктүрүүгө, экспортко жол ачууга, жаңы өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк берет.

Агрофорум 28-30-январда К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтүп, 28-январда өсүмдүк өстүрүү, 29-январда мал чарбасы, 30-январда кайра иштетүү жана экспорт маселелери каралат. Ал эми жыйынтыктоочу бөлүгү 31-январда А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында өтөт.

Форумдун биринчи күнүндө өсүмдүк өстүрүү тармагындагы 16 алдыңкы дыйкан-чемпиондор өз чарбачылык тажрыйбалары менен бөлүшүп, аймактардан келген катышуучуларга мастер-класстарды өткөрүшөт. Ага катар талаа иштеринен тарта, түшүм жыйноого чейин колдонулган толук циклдеги заманбап ыкмаларды жана мыкты технологияларды көрсөтүү менен тажрыйба алмашышат.

Бүгүнкү күндүн программасы дан эгиндери, техникалык өсүмдүктөр, жемиштер, жашылчалар боюнча тажрыйба бөлүшүү, мамлекеттик органдар менен финансылык институттардын колдоо программаларын тааныштыруу  сессияларынан турат.

Белгилей кетсек, “Агро-Диалог 2025” Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы атаандаштыкты жана экономикалык өнүгүүнү арттырууда маанилүү аянтча болуп эсептелет. Агрофорумдун жыйынтыгында мыкты практикалар жалпыга жайылтылып, дыйкандар арасында туруктуу өнүгүү принциптерин бекемдөө күтүлүүдө.

Related posts

«Акчаңызды 2 эсе көбөйтүп беребиз» дегендердин башчылары кармалды

admin

Кыргыз куткаруучулары урандынын алдынан дагы бир адамды аман алып чыгышты 

admin

Касымалиев: 2025-жылы кеминде 100 жаңы индустриялык долбоор ишке кириши керек

admin

Комментарий