New York Times: АКШ Киевге аскердик жана экономикалык колдоосун токтотту

 АКШ президенти Дональд Трамптын Украинага колдоо көрсөтүү чечими гуманитардык эле эмес, экономикалык жардамды да камтый турганын РИА Новости New York Times гезитине таянуу менен жазды.

«Жардамды токтотуу боюнча буйрук аскердик колдоо жаатындагы программалардын баарына тиешелүү, анын ичинде Украина, Тайвань жана Иордания бар. Каражаттын басымдуу бөлүгү Мамлекеттик департамент тарабынан бөлүнөт. Чектөө Израиль менен Египетти, ошондой эле азык-түлүк боюнча ыкчам жардамды камтыган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Дональд Трамп кызматына киришери менен бир нече жарлыкка кол койгон. Анын арасында чет мамлекеттерге колдоо көрсөтүү иштерин токтотуу буйругу да бар. Администрациядан чектөө аталган программалардын АКШнын кызыкчылыгына жооп берер-бербесин талдоо үчүн киргизилгени айтылган.

Related posts

Ташиев посетил Национальный центр охраны материнства и детства

admin

Кыргызстанские борцы завоевали 7 медалей на чемпионате Азии  

admin

БГК одобрил повышение тарифов на проезд: безналичная оплата — 17 сомов, наличный способ — 20 сомов

admin

Комментарий