Бишкек мэриясы кытайлык Циндао институту сунуштаган катализаторду сынай баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Эксперимент үчүн катализаторлор шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, блогерлер Максим Золотых жана Айбек Эркинбек уулунун унааларына орнотулду. Экологдор алгач булардын транспортунан чыккан газды текшерип алышкан, эми катализатордун таасири сыналат.