Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан кетти

Саламаттыкты сактоо министри АлымкадырБейшеналиев кызматтан кетти. Бул тууралуу өзү журналисттерге тастыктаганы маалымдалууда.

Маалыматтарга ылайык, Бейшеналиев кызматтан кетүү боюнча арызды өзү жазган. “Кызматымды тапшырдым. Президент менен биргеликте чыгарган чечим. Мен хирургмун жана ишимди уланта алам. Системадагы реформалар да уланат», — деген ал.

Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигин жетектөөгө 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келип, 2022-жылдын июнь айында кармалып, август айында кызматтан бошотулган. Экинчи жолу министр кызматына 2023-жылы сентябрда дайындалган.

Related posts

Ош шаардык казыятынын айланасында чоң чуулгандуу иш: кызматкерлер мыйзамсыз акча чогултуп турганы аныкталды

admin

Мектеп окуучулары күзгү каникулга тарашат

admin

Экс-депутат Жаныбек Бакчиев камакта калтырылды

admin

Комментарий