Коомдук транспортто жаш кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды

Кечээ, 2-февраль күнү, социалдык тармактарда, коомдук транспортто бараткан жаш кызга карата, белгисиз эркек адам орунсуз аракеттерди жасаган видео тараган. Бул факт Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат каттоо журналына дароо катталган.

Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек ШИИББнын кызматкерлери тарабынан 1989-жылы туулган К.А., аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Кармалган учурда, К.А., мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, каршылык көрсөтүп, кызматкерлерди сөгүп, коомдук тартипти бузган.  Ага  байланыштуу, шектүү Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин (майда бейбаштык) негизинде административдик  камерасына киргизилген.

Эскерте кетсек, коомдук транспортто болгон окуя боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шектүүгө  карата кошумча юридикалык баа берилет.

Related posts

Косачев: Украина боюнча кандай келишимдер болбосун Россиянын шартында түзүлөт

admin

Баткендин кандек өрүгүнө арналып 5 метрлик статуэткасы орнотулат

admin

Кыргызстандын баардык аймактарында чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу жүргүзүлүүдө

admin

Комментарий