УКМК: Жайыл районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана спорт зал мамлекетке кайтарылды

УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка айылындагы бала бакча жана спорт зал мамлекетке кайтарылды.

2017-жылы К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда ок атуучу куралдарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон С.М.К. аттуу жаран, кылмыш жолу аркылуу аталган кыймылсыз мүлктөргө ээ болгон. Тактап айтканда, коркутуп-үркүтүү, шантаж жана таасир этүү жолу менен Сосновка айылындагы мурда мамлекеттик менчикте турган бала бакчаны жана спорт залды алып, атасы С.К.Ж.нын жана агасы С.А.К.нын атына каттатып алган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, мүлк ээлери аталган объекттерге мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын моюнга алышып, аларды өз ыктыяры менен Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришти.

Related posts

ТИМ Россиядагы мигранттардын балдары мектепке кирерде тест тапшырарын эскертти

admin

Келтирилген зыян дээрлик 140 миң сом. Нарында дарактар мыйзамсыз кыйылган 

admin

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда тандоо боюнча шайлоо бюллетендери даярдалды

admin

Комментарий