Гапыр Мадаминовго сыйлык ыйгарылды

КРнын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовго “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы” юбилейлик белгиси ыйгарылды. Аталган буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

«Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын чыңдоого, анын экономикалык, саясий, социалдык, илимий, руханий потенциалын, коргонуу кубаттуулугун жогорулатууга, кыргыз мамлекетинин чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылууга, тынчтыкты жана туруктуулукту, улуттар аралык достукту жана ынтымакты сактоого, адилеттүү жарандык коомду түзүүгө олуттуу салым кошкондугу үчүн “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы” юбилейлик белгиси менен сыйлансын», — деп жазылат тескемеде.

Мындан сырткары учурдагы саясатчылардын арасынан мурдагы өкмөт башчы АкылбекЖапаровго сыйлык ыйгарды. Ушул сыйлык менен коомдук жана мамлекеттик ишмерлер — Апас Джумагулов, Абдыганы Эркебаев, Феликс Кулов, Алтай Борубаев,  Базарбаев Кудайберген, Нелли Ахунбаева, Абдыгул Чотбаев, Союзбек Салиев, Марат Иманкуловдор да сыйланышты. Бул сыйлыкка окумуштуулар да татыды. Ал илимпоздор Жамин Акималиев, Сулайман Кайыпов, Абдылдажан Акматалиевдер.

Related posts

Иманкулов: Жапаров Путинге кыргыз-тажик чек арасы боюнча ортомчу болушу үчүн кайрылган

admin

Москвада кыргызстандыкка эки жолу ок атып, 100 миң долларын тоноп кетишти

admin

УКМК: Сузакта мыйзамсыз диний билим берүүчү борбордун ишине бөгөт коюлду 

admin

Комментарий