УКМК: Ош жана Баткенде баңги зат таратуучу канал аныкталды

Бул туурасында УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 17-февралында УКМК менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын биргелешкен ыкчам иш-чарасынын натыйжасында, козголгон кылмыш ишинин алкагында өзгөчө ири өлчөмдө баңги затын сактоого жана сатууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган.

Тактап айтканда, 1988-жылы туулган А.А.Н. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ош облусунун аймагында баңгизат сатуу менен алектенгени аныкталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө контролдук сатып алуулар жүргүзүлдү. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат жалпы салмагы 1 килограммга жакын гашиш болуп чыкты.

Ушул жылдын 17-февралында биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү Баткен шаарынын аймагында кармалып, КР ЖПКнын 98-беренесине ылайык УКЖга киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылды

mediaportalk

«Европадай болбойлу». Трамп Путинди эмес, өлкөнүн ички көйгөйүн ойлонууга чакырды

mediaportalk

Орусиядан Кыргызстанга келе жаткан адам жүргүнчүлөрү тарабынан өлтүрүлгөн 

mediaportalk

Комментарий