УКМК: Мурда мыйзамсыз жол менен жеке менчикке чыгарылган бала бакча мамлекетке кайтарылды

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында мурда Октябрдын 40 жылдыгы атындагы тигүү фабрикасы – «Айгүл» акционердик коомунун балансында турган мамлекеттик мүлктүн бир бөлүгү – бала бакчанын имараты мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылгандыгы аныкталды.
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жана социалдык объектилерди ээликтен ажыратууга тыюу салган колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды бузуу менен жогоруда аталган бала бакча комплекси «Айгүл» АКнын балансынан мыйзамсыз чыгарылып, жеке жактарга сатылып кеткендиги такталган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында социалдык багыттагы объекттин менчик ээлери бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүшүп, Бишкек ш., Гоголь көч.,127а дарегинде жайгашкан, пайдалуу аянты 1810 кв.м, жалпы аянты 0,65 га болгон 2 кабаттуу 280 орунга ылайыкталган бала бакча комплексин мамлекеттин балансына ыктыярдуу түрдө кайтарып беришти.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигине байланыштуу маселелерди чечүү максатында, жогоруда көрсөтүлгөн объект Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан андан ары максаттуу багыты боюнча пайдалануу үчүн тийиштүү инфраструктурасы бар мектепке чейинки билим берүү уюмун реконструкциялоо боюнча планга киргизилет.
КР УКМК тарабынан мамлекеттин менчигиндеги мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди кайтарып алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Related posts

«Раззаков-Бишкек-Раззаков» багыты боюнча 22 млн. 500 миң сомдон ашык суммадагы авто унаа токтотуучу жайдын жер тилкеси ыктырдуу түрдө мамлекетттин балансына кайтарылды

admin

Орозайым Нарматова: «Кемпир-Абад иши боюнча акыйкат чечимди күтөбүз»

admin

Кыргызстандын бийлиги баалуу металлдарды тышка ташууга чектөө киргизди

admin

Комментарий