УКМК: Баткен шаарында жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу боюнча

КР УКМК тарабынан саламаттык сактоо системасындагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Баткен облустук бириккен ооруканасынын аймагындагы жер тилкесин, ошондой эле Баткен районунун Бужум айылында жайгашкан дарыкананы жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактылары аныкталган.
Автоматташтырылган маалыматтык системасындагы «кылмыштардын бирдиктүү реестри» маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган материалдардын чегинде жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аталган кыймылсыз мүлк объекттеринин ээлери мүлктөрдү мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп беришти.
УКМК жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.

Related posts

Жалал-Абадда 14 жаштагы Айбийке окуудан чыккан бойдон дайынсыз болууда

admin

Талас шаарында өткөн жөө жүрүшкө куткаруучулар аттар менен келишти

admin

КР УКМК: коммерциялык объектилердин мыйзамсыз курулуусу боюнча

admin

Комментарий