Трамп: АКШ кен байлыкты Украина эле эмес, Россиядан да сатып алууну каалайт

АКШ президенти Дональд Трамп Америка жаратылыш байлыктарын Украинадан эле эмес, Россиядан да сатып алууну каалай турганын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

«Эгерде мүмкүн болсо россиялык жерлерди, минералдарды алууну каалайт элем. Аларда да сейрек кездешкен сонун элементтер бар. Экөө тең газды да, мунайды да өндүрөт деп айтар элем. Карасаңар, өтө баалуу, бирок колдонулбай турган жерлер боюнча келишим түзсөк сонун да, Россия үчүн да жакшы болмок. Мындай нерсе болуп кетиши да мүмкүн», — деди Трамп Украинанын минералдары боюнча келишим туурасында берилген соболго жооп берип жатып.

Эр-Риядда болгон РФ менен АКШнын сүйлөшүүлөрүнө катышкан Түз инвестициялар боюнча россиялык фонддун башчысы Кирилл Дмитриев Х социалдык тармагындагы баракчасына АКШ лидеринин каалоосуна комментарий берди.

«Сейрек кездешкен металлдардын кору боюнча Россия дүйнөдө төртүнчү орунду ээлейт», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 3-февраль күнү Вашингтон аскердик жана финансылык колдоосу үчүн Киевден сейрек кездешүүчү металл жеткире турган кепилдик күтүп жатканын билдирген. The Washington Post гезити аткаминерлерге таянуу менен 14-февраль күнү Зеленский менен Мюнхенде жолуккан америкалык аткаминерлер Украинанын казыла элек минералдык ресурстарынын 50 пайызына ээлик кыла турган документти сунушташканын жазды. Эртеси Зеленский АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнске макулдашууга кол койбой турганын айткан.

АКШ президентинин кеңешчиси Майк Уолтц 21-февраль күнү Зеленский сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кайтып келиши керектигин айтып, ал күн алыс эмес экендигине ишеним арткан.

Ал арада Financial Times гезити Киев АКШ менен сейрек кездешүүчү металлдар боюнча түзүлө турган макулдашуунун жаңы шарттарына макул болуп, Зеленский жакынкы күндөрү Вашингтонго келишимге кол коюу аземине бара турганын жазып чыкты.

Related posts

Казакстандын депутатынын зомбулук боюнча кайрылган аялдарды да камоо сунушу талкуу жаратты

admin

Кар жаашы мүмкүн. 9-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Жабырлануучу Жаныбек Абировду кечирип, тосмо арыз жазды

admin

Комментарий