АКШ Киевге аскердик жардамын токтотту

АКШ Украинага аскердик жардамын токтотуп, өнөктөштөрүн тынчтык орнотуу ниетин колдоого чакырды. Маалыматты Ак үйдүн өкүлү тастыктаганын РИА Новости кабарлады.

«Президент тынчтыкка умтулуп жатканын так көрсөттү. Өнөктөштөрүбүздүн да ушуга ыкташын каалайт элек. Көрсөтүлүп жаткан колдоо абалды жөнгө салууга канчалык деңгээлде жардам берип жатканын аныктоо үчүн токтотулду», — деген өкүл.

Буга чейин Fox News телеканалы Ак үйдүн кызматкерине таянуу менен АКШ Украинага аскердик жардамдын бардык түрүн токтоторун билдирген. Маалыматта колдоо Трамп Киевдин тынчтык сүйлөшүүлөргө багыт алганына ынанганга чейин көрсөтүлбөй турганы айтылат. Телеканал кеп жардамдын биротоло эмес, убактылуу токтотулганын тактады.

Bloomberg басылмасынын жазганы боюнча, АКШ администрациясы кабыл алган чечимдин алкагында ушу тапта Киевге карай жолдо бараткан, ошондой эле Польшанын аймагындагы транзиттик зонада турган курал-жарак, техника жана ок-дары жүктөлгөн транспорттун баары токтотулду.

Related posts

УКМК: КР жарандыгын алуу боюнча документтерди тариздөө үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштуруу фактысы аныкталды

admin

Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип унаа чыгарышат

admin

21-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий