Үрүмчү — Ош жана Кашкар — Ош аба каттамдарын ачуу пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй менен Үрүмчүдө жолугушту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тараптар 2030-жылга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмүн 45 миллиард долларга жеткирүүнү талкуулашкан. Ошондой эле «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктун жана Барскоон — Бедел — Үчтурпан — Аксу унаа жолун курууну тездетүү, «Торугарт» менен «Эркеч-Там» пунктуларын модернизациялоо маселеси каралды.

«Үрүмчү – Ош жана Кашкар – Ош жаңы аба каттамдарын ачуу боюнча буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну тездетүү талкууланды. Тараптар кошумча авиакаттамдардын ачылышы соода-экономикалык, туристтик жана маданий-гуманитардык кызматташуунун өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилешти», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Мамыралиев Антимонополиянын төрагасы болуп дайындалды

admin

Министр: «Токтогул суу сактагычына суу 110 пайызга көбүрөөк келди. Быйыл суу көп болот»

admin

Депутат Тазабек Икрамов дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

admin

Комментарий