КР УКМК жетекчилиги менен байланышка жамынып, 1 млн АКШ долларын опузалаган КР жараны кармалды

2025-жылдын 18-мартында КР УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында КР жараны Ю.Ж.А. кармалып, ал КР УКМК жетекчилиги менен тыгыз байланыштамын деген шылтоо менен уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбек жана аффилирленген жактар тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде, эл аралык издөөнү жана кылмыш куугунтугун токтотуу үчүн ишкердик субъекттердин өкүлдөрүнүн биринен 800 миң АКШ  долларын алгандыгы аныкталды. 
    Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Ю.Ж.А. кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Related posts

Өспүрүм кыздын зордукталышы: Шектүүлөрдү камактан бошоткон сот кызматтан кетти

admin

Израил ХАМАС менен сүйлөшүүлөрдүн «кийинки кадамдарын» талкуулады

admin

Кыргызстан менен Сауд Араб Падышачылыгы ажылык боюнча келишимге кол койду

admin

Комментарий