Быйыл Солтон-Сарыдагы Бучук тилкесинде алтын казыла баштайт

Быйыл Солтон-Сарыдагы Бучук тилкесинде алтын казыла баштайт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, кен казуучу жайга Кытайдын Zhong Ji Mining Company компаниясы завод куруп бүткөн.

Министр природных ресурсов, экологии и технического надзора Медер Машиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2025

«Негиздөөчүсү — Кытайдын мамлекеттик China Gold компаниясы. Булар 2025-жылга 3,4 тонна алтын казабыз деп милдеттеме алышты. Чалгындоо иштери бүтүп, казууга даяр болуп калган, бирок ар кандай шарттан улам казылбай турган дагы 2-3 алтын кени бар. Алардын бири Чаарат кенинде 100 тоннадан ашык алтын бар экени тастыкталган. Буга лицензия алган Улуу Британянын «Чаарат Заав» компаниясы жакынкы 2-3 жылда алтын казууну жолго салмакчы», — деди министр..

Related posts

ИИМ: «Коррупция боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө 35 кыймылсыз мүлк камакка алынды»

admin

Камчы Көлбаевдин башына ок тийген, — өздүк булактар

admin

Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген жаран тууралуу УКМКдан маалымат таратышты 

admin

Комментарий