Жеке ишкер Исманали Жороев Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында кайрымдуулук иш-чараларын өткөрдү

Жеке ишкер, коомдук ишмер “Илек строй» компаниясынын жетекчиси Исманали Жороев жана Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канымет Осмонбеков Рамазан айынын урматына  25-март күнү Лейлек районундагы аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген 200 үй-бүлөгө кайрымдуулук иш-чарасын уюштуруп, атайын даярдалган азык-түлүк баштыктары таратылды.

Кайрымдуулук иш-чарасы Сүлүктү шаарында уланып, жеке ишкер Исманали Жороев «Сүлүктү Тазалык» ишканасынын кызматкерлерине  азык-түлүк баштыктарын таратты. Иш-чарага Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров дагы катышып, кайрымдуулук кылган инсандарга ыраазычылык билдирди.

Related posts

Чүйдө төрөттөн каза болгон келин. Оорукананын директору, орун басары жана башкы медайым жумуштан кетти

admin

31-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Путин «Крокустагы» теракт кимге пайдалуу экенин айтты

admin

Комментарий