Министрлик картошканын аянтын былтыркыдан көбөйтпөөнү сунуштайт

Картошка – дүйнө жүзү боюнча эң кеңири өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бири жана маанилүү азык болуп саналат. Ошондой эле, дыйкандар үчүн кирешенин булагы катары, пайда көп берген өсүмдүк.
Картошка элибизде экинчи нан азыгы катары колдонулат. Былтыр 2024-жылы картошка 66,4 миң гектарга отургузулуп, түшүмдүлүк 178,7 центнерди түзүп, дүң жыйым 1 млн 190 миң 200 тоннаны түзгөн. Натыйжада, быйылкы жылы картошканын баасы 45-60 сомду түзүп, дыйкандар жогорку киреше алышты.

Картошкага болгон баанын өсүшү ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдө картошкага муктаждык жогору болгондуктан улам көтөрүлдү. Быйыл бул жагдайды эске алып, ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдө картошканын эгилген аянты көбөйүшү мүмкүн. Андыктан, ар жыл сайын өзгөрүп турган базар экономикасынын талаптарына ылайык, картошканы өстүрүүдө коңшу өлкөлөрдөгү жагдайга көңүл буруу абзел.
Ушуга байланыштуу картошка өстүрүүдө алдыңкы инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу түшүмдүүлүгүн көбөйтүүгө багыт алып, быйылкы жылы картошканын аянтын былтыркыдан 66,4 миң гектардан ашырбоону Министрлик республикабыздын дыйкан-фермелерине сунуштайт.
Анткени, эгер дыйкандарыбыз быйыл баа жогору болду деген негизде көбүрөөк айдап, аянтын көбөйтүп жиберишкен шартта, картошканын баасы төмөндөп дыйкан-фермерлердин кирешеси да азайып кетүүсү мүмкүн экендигин эскертет.

Related posts

УКМК: Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери бейтаптардан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалд

admin

Садыр Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасы жаңы жылга чейин такталат

admin

Депутат Ташиев: «Суусамырдын жайыттарын каптаган тикенекти жок кылуу керек»

admin

Комментарий