УКМК: Пайдалуу кендерди казууга мыйзамсыз лицензия берүү схемасы аныкталды

Пайдалуу кендерди казууга мыйзамсыз лицензия берүү схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат контрчалгындоо кызматынын аймагында кум-шагыл аралашмасын казууга лицензия берүү боюнча коррупциялык схемаларды демонтаждоого багытталган ыкчам — издөө иш-чараларынын алкагында КР жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен иш жүргүзгөн бир катар компаниялар боюнча маалымат алды.

Тактап айтканда, КР жарандары Ж.М. кум-шагыл карьерлеринин долбоорлоочусу жана Ш.А. Чүй-Бишкек обладминистрациясынын жер-суу көзөмөлдөө кызматынын инспектору – жер казынасын пайдалануу жаатындагы КР колдонуудагы мыйзамдык ченемдерин жана талаптарын бузуу менен жеке материалдык баюу максатын көздөшүп, Кытай инвесторлоруна 250 миң долларга мыйзамсыз сатып жиберишкен.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган адамдар кармалып, Октябрь сотунун чечими менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине жайгаштырылды.

Учурд УКМК тарабынан пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү фактыларын, ошондой эле жогоруда аталган фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Canon Picture Profiles, Get The Most Out of Your Video Features

mediaportalk

Штормовое предупреждение: 30 ноября и 1-2 декабря ожидается похолодание, дожди и снег

mediaportalk

SARM Acetato en el Culturismo: Beneficios y Consideraciones

mediaportalk

Комментарий