УКМК: Тилекмат Кудайбергенов Дубайдан кармалып, Кыргызстанга алып келинди — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2025-жылдын 19-апрелинде  конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн К.у.Т. аттуу КР жараны БАЭден  кармалып, КРге жеткирилди.

Тактап айтканда, К.у.Т.  республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу,  КРде бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен массалык башаламандыкты уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган.

Учурда К.у.Т.нын кылмыштуу байланыштарын аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын аймагында да, республиканын чегинен тышкары жерлерде да жүргүзүлүүдө, — деп айтылат маалыматта.

Related posts

УКМК: Салык кызматы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери кармалды

admin

Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт — 6-ноябрга карата аба ырайы.

admin

Садыр Жапаров Тажикстандын баскынчылыгына жүзүкаралык агрессия деген баа берди

admin

Комментарий