Трамп Россия менен Украинанын жакында кепке келишине үмүт артууда

 АКШ президенти Дональд Трамп Россия менен Украина жакынкы жумада кепке келет деп ишенип турганын билдирди. Мындай маалыматты РИА Новости жазды.

«Россия менен Украина бул аптада макулдашат деп ишенем», — деген ал.

Президент бул нерседен кийин эки мамлекет тең «гүлдөп өскөн жана байманалуу АКШ менен иштеше баштаарын» кошумчалаган.

Анткен менен Трамп буга чейин АКШ президенти Украина маселесин жөнгө салууда тараптардын бири моюн толгой берсе АКШ сүйлөшүү процессинен чыгарын айткан эле.

Тынчтык орнотуудагы көйгөйлөр

РФ президенти Владимир Путин 18-мартта АКШнын башчысы Трамп менен телефондон сүйлөшкөн. Америка лидери 30 күндүк элдешүү демилгеси боюнча энергетикалык инфраструктураларды аткылоону токтотууну сунуштаган. Путин бул демилгени жактырган болчу. Владимир Зеленский энергетикалык инфраструктураны аткылоону токтотуу сунушун Украина колдой турганын айткан.

Эр-Риядда 24-мартта Россия менен АКШнын техникалык командаларынын эксперттик жолугушуусу өткөн. Анда РФ менен Украинадагы энергетикалык объектилерге чабуул койбоо туурасында макулдашкан. Анын мөөнөтү аяктады, Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Киев негизи бул келишимге баш койбогондугун жана аталган жаатта чабуулун токтотпогондугун белгиледи.

РФ лидеринин маалымат катчысы Путин бул маселе боюнча башка эч кандай тапшырма бербегендигин, ал эми Украина боюнча сүйлөшүүлөрдө убактылуу мораторийге байланыштуу кандайдыр бир прогресстер байкалып жаткандыгын кошумчалады. Песков анткен менен алдыда дагы бир топ талкуулар тургандыгын эске салган.

Related posts

Президент Кемпир-Абад, камалгандар жана Бишкектеги ыш көйгөйү тууралуу комментарий берди

admin

УКМК: Мамлекеттик дарыкананын 455 чарчы метр имараты жана 0,15 сотых жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы кызыл сызыкка чыгып кеткен 200дөн ашык объектти бузду

admin

Комментарий