Трамп АКШ бардык мигранттардын суроосун канааттандыра албастыгын айтты

АКШ президенти Дональд Трамп АКШ депортацияга илинген ар бир мигрантка соттошууга мүмкүнчүлүк бере албастыгын, андай болгон күндө «200 жылдай убакыт кетерин» айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

«Мени эмне үчүн шайлашса, ошону жасап жатам, өлкөдөн кылмышкерлерди депортациялайм. Бирок соттор андай иштерди жасашымды каалабайт окшойт. Ар бирин соттоштуруп отура албайбыз да, көбүртүп-жабыртып айтпаганда да, андай иштер үчүн 200 жылга чукул убакыт кетет. Биз өлкөдөн чыгарабыз деген, мыйзамсыз жүргөн жүз миңдеген мигрант үчүн жүз миңдеген соттук териштирүү керек болот. Андай иштерди жасоого мүмкүн эмес», — деген Трамп.

Трамп АКШнын 47-президенти болуп келген салтанаттагы сөзүндө Американын аймагына мыйзамсыз кирип жаткандарды тез арада токтотууга жана миллиондогон мигранттарды мекенине «аттандыруу» ишин баштоого убада берген.

Андан сырткары, Кошмо Штаттардын түштүк чек арасындагы кырдаалга карата жалпы улуттук өзгөчө абал киргизген.

Мурдараак АКШнын Жогорку соту Трамптын администрациясынан Сальвадордон кылмышка шектүү делген Килмар Абрего Гарсианы алып келүүгө таасир этүүнү «талап кылган». Ал буга чейин чек арадан мыйзамсыз өткөнү менен мыйзамдуу макамга ээ болуп, психикалык жактан жабыркаган оорулуу баланы тарбиялап жаткан. Мындан сырткары, Америкадагы Фемида өкүлдөрү азыр Трамптын администрациясынын депортациялансын деген мигранттарга карата чечиминин туура эместиги боюнча бир топ иштерди карап жатат.

Related posts

Выборы депутата ЖК по Баткенскому округу. Дыйканов отказался от участия в гонке

admin

Ученые бьют тревогу:  «Уменьшение и ухудшение водных ресурсов может усилить конкуренцию за воду между странами ЦА»

admin

ТРК «Дордой» снижает арендную плату торговцам и предпринимателям

admin

Комментарий