УКМК: Балыкчыда мыйзамсыз пайдаланылган 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан канаттуулар фабрикалары жана чарбалык курулуштар мыйзамсыз пайдаланылып келген. Бул фактты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) аныктады.

Атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, жалпы 10 гектар жер тилкеси курулуштар менен кошо мамлекеттик менчике кайтарылды.

Учурда бул багытта териштирүү иштери уланууда, мыйзам бузгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлүшү мүмкүн.

Related posts

Таластын айылдарында да сел жүрдү (видео)

admin

И.Ахунбаев атындагы КММАда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жолугушуу өттү

admin

КР УКМК: Контрабандалык жүктү кармоо фактысы боюнча

admin

Комментарий