Парламент ЖК депутаттарын шайлоо системасын өзгөртүү мыйзамын колдоду

 Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо системасын өзгөртүү сунушу үчүнчү окууда жактырылды.

Аны парламент спикери баш болгон тогуз депутат иштеп чыккан.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр:

30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык система менен ар биринен үчтөн депутат шайланат (гендердик квота кеминде бирөө);

талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана жарандарга (өзүн-өзү көрсөткөндөргө) берилет;

25 жашка чыккан, жогорку билимдүү жана акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны талапкер боло алат;

шайлоо күрөөсү 100 миң сомдон үч эсе көбөйтүлүп, кайтарымсыз болот;

шайлоо фонду эки эсе көбөйүп, 20 миллион сом болот;

аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү киргизилет.

Учурда өлкөдө аралаш шайлоо системасы колдонулат. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдуу система менен партиялык тизме аркылуу, 36 депутаты бир мандаттуу округдардан болуп, жалпы 90 депутат шайланат.

Related posts

Эртең президенттик балаты өтөт. Ага 650гө жакын бала катышат

admin

Ноокенде наристе кызды сабап, видеого тарткан ата кармалды

admin

УКМК: Бишкек шаарынын вице-мэри кармалды, анын акча талап кылуу фактысы аныкталды

admin

Комментарий