УКМК: Милиция баңги зат менен «подстав» уюштуруп, күнөөсүз адамды каматкан

Жалал-Абадда чыныгы кино сценарийин элестеткен окуя болду: Ички иштер министрлигинин кызматкерлери өз статистикасын көтөрүү максатында атайын “подстав” уюштурган.

УКМК жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Б.У.А., Ю.К.М., тергөөчү А.А.А. жана алардын жарандык шериктери атайын план түзүп, И.Н.С. аттуу жаранды жасалма баңги кылмышы үчүн камаган.

Атайын даярдалган план боюнча, алар Т.у.Т. аттуу жаран аркылуу кароосуз калган үйгө «марихуана» катып, андан соң И.Н.С.ти ал жерге алып келишкен. Милиция кызматкери Ю.К.М.нын көзөмөлүндө ал жерден желим баштык табылган. Бул иш «көзөмөлдөнүүчү сатып алуу» катары көрсөтүлүп, И.Н.С. 3 айдан ашык убакыт мыйзамсыз абакта отурган.

Кийинчерээк, И.Н.С. бул ишке катышы жок экендиги аныкталып, ал толук акталды. Анын башынан өткөнү — тергөөчүлөрдүн кысым көрсөтүүсү жана бурмаланган көрсөтмөлөр менен коштолгон.

2025-жылдын 24-апрелинде милиция кызматкерлери жана алардын шериктери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Related posts

Оштун Куршаб айылындагы мечиттен өрт чыкты

admin

Жалпы 6 мектеп. Чүйдө дагы 2 мектеп карантинге жабылды 

admin

Президент Жапаров Каныбек Иманалиевди кызматтан алды

admin

Комментарий