УКМК: Спорт стадиону мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик менчикти кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында «У» Акционердик өндүрүштүк-коммерциялык коомунун заводунун социалдык объекттерин менчиктештирүүдөгү мыйзам бузуулар аныкталды.

Мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү мезгилинде 1993-жылы «У» ААКтын балансында турган спорт стадиону жеке менчикке чыгарылганы такталган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аталган объекттин ээси социалдык багыттагы объектиге ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына акысыз өткөрүп берүү каалоосун билдирген.

Аны менен катар, 2025-жылдын 19-майында бардык зарыл процедуралар аяктагандан кийин спорт стадионунун жалпы аянты 1,158 га жер тилкеси  ыктыярдуу жана акысыз негизде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.

КР УКМК мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган мүлктөрдү кайтарып алуу боюнча тиешелүү иштерди улантууда.

Related posts

Бишкекте 300 миң сом пара талап кылууга шектелип милиция кызматкери кармалды

admin

Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген жаран тууралуу УКМКдан маалымат таратышты 

admin

Айрым жерлерде жаан жаайт. 4-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий