Ош шаардык казыятынын айланасында чоң чуулгандуу иш: кызматкерлер мыйзамсыз акча чогултуп турганы аныкталды

Ошто чоң чуу жараткан коррупциялык иш ачылды. УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаардык казыятынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер системалуу түрдө жасалып келгени тастыкталды.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, казыят кызматкерлери Ош шаарындагы мечиттер жана медреселердин кызматкерлеринен туруктуу негизде акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуп келишкен. Бул аракеттер диний чөйрөдө нааразычылык жаратып, мусулман коомчулугунун ичиндеги ынтымакка жана биримдикке олуттуу зыян тийгизген.

Бул фактыларга байланыштуу жергиликтүү ишкерлер тарабынан УКМКга расмий арыздар түшүп, алардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2 жана 4-пункттары боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө алкагында Ош шаардык сотунун санкциясы менен “Т.М.Б”, “М.Ж.М”, “Д.Б.Х.” жана “С.А.К.” аттуу кызматкерлердин үйлөрүндө жана казыяттагы иш бөлмөлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз акча чогултуу фактылары тастыкталды.

Анын негизинде “Т.М.Б” жана “М.Ж.М” учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттук чечим кабыл алынганга чейин камакта калтырылды. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери уланууда.

УКМК диний кызматкерлерди жана казыят-мефтият өкүлдөрүн мыйзамсыз иштерден оолак болууга чакырып, Ислам дининин кадыр-баркына шек келтирүүчү аракеттерге жол бербөөгө жана коомчулуктун биримдигине зыян келтирген көрүнүштөргө кайдыгер карабоого чакырат.

Related posts

Ырчы Жонни ата статусуна ээ болду

admin

Москва жана Москва облусунун аймагына контртеррордук операция режими кирди 

admin

КР УКМК: Коммерциялык жайды рейдерлик жол менен басып алуу фактысы боюнча «МБЭ Групп» компаниясынын башкы директору кармалып, негиздөөчүсүнө издөө жарыяланды

admin

Комментарий