КР УКМК: Бишкекте тапанча менен коркуткан тополоңчу кармалды

2025-жылдын 23-майында Карл Маркс менен Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен айдоочулар жаңжалдашкан. Андан соң тараптардын бири, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын жараны И.Р.Д. чыр-чатактан улам ал 12 даана 10х28 калибрдеги октору жана 2 магазин менен жабдылган «Grand Power Т 12» маркасындагы травматикалык тапанчасын алып, катышуучуларды көздөй багыттап, өлтүрөм деп коркута баштаган.
Үстүбүздөгү жылдын 23-майында Бишкек шаарынын Карл-Маркс жана Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде И.Р.Д. аттуу жаран Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте кармалып жана тиешелүү тергөө иш-чараларын андан ары уюштуруу үчүн өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, И.Р.Д.ны жеке текшерүү учурунда өзгөчө жыты бар ак түстөгү порошок салынган желим баштык табылган.
Жогорудагылардын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь РИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошол эле учурда, аталган кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган бөлүмдүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында эки даана мылтык, бир даана жарым автоматтык ок атуучу курал жана аларга тиешелүү ок-дарылары табылып алынган.
2025-жылдын 24-майында Р.И., кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Кыргызстанда ЖОЖдордогу бюджеттик орундар 10 миңге чейин көбөйтүлдү

admin

УКМК: Жалал-Абад облустук сотунун судьялары пара алып жаткан жеринен ортомчулук кылган Жалал-Абад облустук аймактык адвокатурасынын төрагасы кармалды

admin

Чүйдө 36 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду

admin

Комментарий