Улукбек Жолдошбеков Республикалык спорт колледжинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжинин директорунун орун басары болуп Улукбек Жолдошбеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка билим берүү мекемесинин жетекчиси кол койду.

Эскерте кетсек, Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугун жеңип алган кыргызстандык биринчи спортчу болуп саналат.

Ал эми аталган колледж 1971-жылы балдар үйүнүн базасында Надежда Крупская атындагы спорт адистиги боюнча РОШИСП республикалык жалпы билим берүүчү спорттук мектеп-интернаты катары түзүлгөн.

Республикалык бул спорт колледжинде Кыргызстандын ийгиликтүү спортчулары: Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов, Арсен Эралиев, Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы  Олимпиадага даярданышкан.

Related posts

УКМК: КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында координациялык кеңешме өткөрүлдү

admin

Бишкекте муздан тайып кулаган 43 адам дарыгерлерге кайрылды

admin

Кыргызстанга Россиянын президенти Путин келди

admin

Комментарий