КР УКМК: Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында узак мөөнөткө ижарага мыйзамсыз берилген (120 га) жерлерди мамлекетке кайтаруу боюнча

КР УКМК жүргүзгөн иш-чаранын алкагында, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айылында жайгашкан юридикалык жактарга жалпы аянты 120 гектар күрүч плантациясын мыйзамсыз ижарага берген факт аныкталды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде көрүлгөн чараларга ылайык, «Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына» айыл чарба багытындагы 120 га жер тилкени
өз ыктыяры менен мамлекеттик мекемеге кайтарып берди.
КР УКМК ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү текшерүү иштерин улантууда.

Related posts

Бишкекте автобус сүзүп кеткен аял көз жумду

mediaportalk

Улуу Британиянын жаңы падышасы Карл III болду

mediaportalk

Садыр Жапаров: Ар бир кыргызстандык өз жеринде кор болбой, жакшы жашашын камсыздайбыз

mediaportalk

Комментарий