Бул тууралуу Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы жана Кыргызстан Аялдар Конгресси менен кыргыз жана тажик аялдарынын ортосунда “Аялдар тынчтык тиреги” аттуу достук иш — чарасы Лейлек районунда болуп өттү.
Атайын конокторду тосуп алуу үчүн “Кайрагач” постунан акимдин орун басары М.Каримбердиева, Кыргызстан Аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышова, лидер аялдар жана Кулунду айыл аймагынын шайыр апалары шандуу ыр куулор менен тосуп алышты. Андан соң Улуу инсан Исхак Раззаковдун эстелигине гүлчамбар коюу менен улантылып, район аймагындагы тарыхый жайлар жана музейлер менен таанышып чыгышты. Иш-чара атайын даярдалган уз-чеберлердин кол өнөрчүлүгүно жана тамак-аш көргөзмөсүнө күбө болушту. Уюштуруучулар тарабынан даярдалган этно мода көргөзмөсү тартууланып, улуттук кийимдер даңазаланды. Иш-чаранын катышуучуларын, конокторду Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К. Осмонбеков куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Конгресс тарабынан атайын төш белгилери мыкты делген аялдарга тапшырылып, Ардак грамоталары менен сыйланышты .
Жалпысынан иш-чарага Тажикстандан келген айымдар, район аймагындагы уз чеберлер, лидер айымдар, шайыр апалар катышты. Эки элдин достугун бекемдеген бул саамалык кийинки жолугушууларга чон көпүрө болду.















