КР УКМК: «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды

КР УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган, 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө, 2025-жылдын 20-майында Бишкек шаарынын аймагында «Бишкекбашкыархитектура» МИнин имаратында тинтүү иштерин жүргүзүүдө буга чейин Ж.Р.Ж. аттуу МИнин ИТЗ бөлүмүнүн жетектөөчү адиси акча каражатынын бир бөлүгүн алгандыгы боюнча документтер табылган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Ж.Р.Ж. жарандардын кайрылууларын кароо боюнча функционалдык милдеттерин аткаргандыгы үчүн Б.К.Ж. аттуу жарандан муниципалитетке таандык ижарага алынган жер участогунун функционалдык багытына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маселени оң чечүү үчүн 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.
Учурда кармалган жарандын катышуусунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, аталган коррупциялык схемага башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендиги такталууда.

Related posts

Бишкекте 19 жаштагы ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзгөн делген жаран кармалды 

admin

Букингем хансарайы Карл IIIтүн сүрөттөрүн жарыялады

admin

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт — 10-майга карата аба ырайы

admin

Комментарий