Социалдык тармактардагы видеодо аял кишинин спбаган милиция кызматкери кармалды

КР УКМК тарабынан интернетте эркектин аялга зомбулук көрсөтүп жатканын көрсөткөн видео тасма боюнча ыкчам чара көрүлдү.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, видео тасмада көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерди КР ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын капитаны Р.О.Б. жасагандыгы аныкталган. Н.к.Н. аттуу жарандын арызында, 2025-жылдын 17-майында ГЭС-5 аймагында мас абалында Р.О.Б. аттуу жаран бетине чаап жибергендиги айтылган. 

Аталган факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, КР ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Бишкек шаары боюнча ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Р.О.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындан тышкары, ага карата 2024-жылдын июнь айында медициналык кызматкерди сабоо фактысы боюнча дагы бир кылмыш иши козголгону аныкталды.

Бул эки окуя тең коомчулукта чоң нааразылыктарды жараткан. КР УКМК тарабынан тергөө иштери уланууда.

Related posts

Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна $394 млн сатты 

admin

Ленин районундагы шайлоо. Алдын ала жыйынтык боюнча Кубанычбек Самаков алдыга чыкты

admin

Тоңдо кырсыкка кабылган жүк ташуучу унаадагы фейерверктер жарылып, 1 адам каза болду

admin

Комментарий