КР УКМК: “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

КР УКМК тарабынан экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратып, ошондой эле Бишкекте жашыруун жыйындарды өткөрүп, жаңы мүчөлөрдү тартуу аракетин көргөн «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Экстремисттик ишти түзүү жана каржылоо) кылмыш белгилери боюнча Бишкек шаарынан «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун 5 активдүү мүчөсү кармалды.
Кармалгандардын үйлөрүн тинтүү учурунда көп сандагы экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана тиешелүү материалдар сакталган электрондук маалымат каражаттары табылып, алынды.
Кармалгандар “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экенин моюнга алышкан.
Мындан тышкары, алардын лидерлери мурда экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн сот жообуна тартылган. Кармалгандар: 1967-жылы туулган А.О.А., 1973-жылы туулган С.Д.М., 1980-жылы туулган С.А.У., 2000-жылы туулган И.И.И. жана 1979-жылы туулган Ш.Н.С. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.
КР УКМК жарандардын диний-экстремисттик уюмдарды түзүү жана алардын ишине катышуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 330, 331 жана 332-беренелери боюнча кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Related posts

Президент Садыр Жапаров Апрель революциясында курман болгондорду эскерди   

admin

Эңилчек айылында өрттөнгөн мектеп. Окуучулар айыл өкмөттүн имаратында билим алууда

admin

Бишкекте 19 жаштагы ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзгөн делген жаран кармалды 

admin

Комментарий