Индира Куралбекова: Энергетика тармагына 300 жаңы адистер даярдалды

Бишкек шаарындагы №100 кесиптик лицей өлкөнүн энергетика тармагына 300 гө жакын жаңы адистерди даярдап чыгарды. Бул тууралуу лицейдин коомчулук менен байланыш кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү күн биздин лицей үчүн да, бүтүрүүчүлөрүбүз үчүн да тарыхый учур! Биз 2025-2026-окуу жылын ийгиликтүү жыйынтыктап, энергетика жана тейлөө тармагында билим алган 300гө жакын бүтүрүүчүгө аттестаттар жана документтерин тапшырдык. Бүтүрүүчүлөрдүн 50%га жакыны өлкөнүн бардык аймактарындагы РЭС, НЭСК, ТЭЦ сыяктуу стратегиялык маанидеги ишканаларга ишке орношуп жатышат. Ал эми ширетүүчүлүк жана тейлөө тармагындагы адистер социалдык объектилердин курулушунда жана жеке курулуш компанияларында эмгек жолун улантууда, – деп айтылат маалыматта.

«Энергетикалык кесиптердин келечеги кең. Бүгүнкү күндө өлкөбүзгө мыкты энергетиктер жана техниктер абдан керек. Биздин бүтүрүүчүлөр ушул зарыл муктаждыкты камсыздап, өндүрүш тармагына өз салымдарын кошооруна ишенем» — дейт №100 лицейдин директору Индира Куралбекова.

Related posts

Роналду карьерасындагы эң кооз голдордун бирин киргизди

admin

КР УКМК: Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын «Көк-Дөбө» тилкесиндеги жалпы аянты 11 Га, болжолдуу баасы 550 млн. сом болгон жер участогу мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

29-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий