Ташиев УКМК Академиясынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшырды

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайларынын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Академиясынын кесиптик кайра даярдоо курстарынын бүтүрүүчүлөрүнө алгачкы аскердик наамдарды жана дипломдорду тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Ташиев бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аякташы жана мекенге кызмат кылуудагы кесиптик жолунун башталышы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө жаш офицерлердин антына берилгендигин, мекенчилдигин жана жогорку кесиптик даярдыгын баса белгиледи.

Быйыл офицердик курамдын катарына татыктуу окуудан өтүп, жогорку деңгээлдеги билимин, тартиптүүлүгүн жана ишине берилгендигин көрсөткөн ондогон бүтүрүүчүлөр кошулду. Алардын баары биринчи аскердик наамдарды жана мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду алышты.

Өзгөчө айырмаланган курсанттарга ыраазычылык кат жана эстелик белектер тапшырылды. Аземге бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана жакындары да катышып, жаш офицерлерди тарбиялоого жана окутууга кошкон салымы үчүн окутуучуларга жана командачылыкка ыраазычылык билдиришти.

Алгачкы аскердик наамдарды жана дипломдорду тапшыруу жаш Ата Мекенди коргоочулардын жашоосунда жаңы барактын башталышынын символу. Алардын алдында аскердик кызмат өтөө жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эң маанилүү милдеттерди аткаруу турат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын атайын кызматынын тарыхында алгачкы жолу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Академиясы ачылып, анда коопсуздук багындагы кызматкерлер, чек арачылар жана башка ушул сыяктуу адистер даярдалат. 2025-жылдан баштап курсанттар УКМК Академиясында окутулуп, эми алар Россия Федерациясынын ФККсына окууга барышпайт.

Related posts

«Газада ар бир 10 мүнөт сайын бир бала өлүп жатат» дейт ДССУнун башчысы

admin

16-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Коррупциялык иш: Укук коргоо органдарынын иликтөөсү

admin

Комментарий