Ош облусунун Араван районундагы мамлекеттик консерва заводу мамлекеттик баланска кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мүлк комплекстерин аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош облусунун Араван районунда жайгашкан 2,57 гектар жер аянты менен мамлекеттик консерва заводун кайтарып берди.

Алсак, тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 2004-жылы консерва заводунун жер тилкеси муниципалдык кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган, алар андан ары жер тилкесин бөлүү аркылуу категориясын өзгөртпөстөн жеке адамдарга жеке турак жай куруу үчүн сатууну көздөшкөн.

Мындан улам, үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда соттун чечими менен, консерва заводунун мүлк комплекси жеке менчикке өткөндүгү тууралуу токтом жараксыз деп табылып, мамлекеттин балансына кайтарылды.

Учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекеттик балансына  кайтаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз болуп жаткан жигитти 300 киши издеп жүрөт

admin

32 жаштагы ырчы Бегимвй Бекбоеаа каза болду

admin

Түрк бийлиги жер титирөөдө имараттардын эмне себептен урап калганын айтты 

admin

Комментарий