Бишкекте шаардык мэриянын башкармалыгынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

2025-жылдын 16-июлунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиев, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун   Пригородная айыл аймагындагы сейил багынын аймагын көрктөндүрүү иштеринин жүрүшүндө коррупциялык компоненттердин бар экендиги боюнча айрым фактылардын негизинде жеринде текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын 4-башкармалыгынын (мурда Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти  деп аталган) жетекчиси Ш.Б.К. кармалган.

Тактап айтканда, Ш.Б.К. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородное айыл аймагынын башчысы болуп турганда (Бишкек шаарынын Биринчи май районуна административдик-аймактык бөлүнүүнүн алкагында кошулганга чейин) кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, көмүскө киреше алуу максатында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгаруунун, тендердик сатып алууларды (анын ичинде жалган сатып алууларды) жүргүзүүдө жалган компанияларды тартуу менен туруктуу коррупциялык механизмдерди уюштургандыгы аныкталган.

Алсак, 2022-жылы Пригородное айылынын сейил багынын зонасын көрктөндүрүү боюнча 2 млн.сомдон ашык суммага жасалма тендер өткөрүлүп, Ш.Б.К.нын көзөмөлүндөгү компанияга ыйгарылган. Мында көрсөтүлгөн сумма бюджеттен чыгарылып, Ш.Б.К. ыйгарган компания тарабынан паркты көрктөндүрүү боюнча эч кандай иштер жүргүзүлгөн эмес).

Ошону менен бирге, 2021-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде Ш.Б.К. аталган сейил бакты көрктөндүрүү боюнча ар бири 2 млн. сомдон ашык суммадан турган  үч тендердик сатып алууларды жүргүзгөн, бирок акча каражаттары Ш.Б.К. тарабынан чыгарылып, ыйгарылган.

Ошондой эле, жети тендердик сатып алуулар аныкталып, алар Ш.Б.К.нын аффилирленген компанияларына берилип, «откат» алынган.

Белгилей кетсек, Ш.Б.К. жогоруда көрсөтүлгөн коррупциялык механизмдерге түздөн – түз тиешеси бар, анткени ал  2024-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэриясынын жогорку кызмат ордуна муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин (бардык муниципалдык мүлк үчүн жооптуу бөлүм) башчысы болуп дайындалган.

Тергөө аракеттеринин жыйынтыгында, төгүндөлгүс далилдерди эске алуу менен Ш.Б.К.  кармалып, КР УКМКнын УКЖсына  киргизилди.

Учурда кылмыш иштери боюнча тергөө иштери улантылып, тиешелүү иш-чаралар уюштурулуп, кошумча фактылар жана башка тиешеси бар адамдар аныкталууда.

Related posts

9-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

1-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Шакиев: “Улуттук банк тармакка жаңылыктарды киргизүүсү кажет”

admin

Комментарий