КР УКМК: Бишкек шаарынын Октябрь районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

КР УКМК жерге жайгаштыруу, кадастр чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарды аныктоо жана алдын алууга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө – административдик-аймактык реформанын (ААР) алкагында борборго кошулган аймакта жайгашкан жер участогун мамлекеттин балансына кайтарды.
Атап айтканда, КР КЖК 337-беренесинде (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 3,6 га аянттуу, Бишкек шаарынын Октябрь районунун Кара-Жыгач айылынын 544 жана 545-контурларында, Анкара жана Ф.Достоевкий көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан айыл чарба багытындагы жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталган. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объектилерин мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Related posts

Бишкекте чет өлкөлүк Цэрендаш Монхзул изделип жатат

admin

«Ар бир үй-бүлөдө 5-6 бала болушу керек». Ташиев бала бакчанын ачылышында келиндерге кайрылды

admin

Румын президенти украин адистерин F-16 учагында машыктырууга макул болду

admin

Комментарий