УКМК: Чүйдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттери аныкталды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктап, бөгөт койду.

Тактап айтканда, Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу  айыл аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө карата физикалык зомбулук көрсөтүү жолу менен 1 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү: И.Э., И.С. жана М.К. аттуу жарандар аныкталып, алар козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул адамдардын башка кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Related posts

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан ID-карта менен өтө алышат 

admin

Көргөндүн жүрөгү түшөт! Индияда поезддер кагылышып, 15 киши көз жумду

admin

Хорватияда башка кыргыздарга алданып СИЗОго түшүп калган кыргыз жигиттерге ким жардам берет?

admin

Комментарий