УКМК: М.И.Х. жана С.Ж.Х. аттуу жактоочулар кармалды

2025-жылдын 21-августунда КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жактоочулар М.И.Х. жана С.Ж.Х. КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш ишинде арыздануучу катары катышкан Кыргыз Республикасынын жаранынан 220 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын кайтарып берип жаткан учурда кармалды.
Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, И.М. жана Ж.С. аттуу адвокаттар жашы жете электерди зордуктоо жөнүндө кылмыш иши боюнча беренени сексуалдык мүнөздөгү анча оор эмес беренеге өзгөртүүгө мыйзамсыз көмөк көрсөткөндүгү үчүн арыз ээсинен 270 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.
Көрсөтүлгөн адвокаттар айыпталуучу Ш.Ж.га көмөк көрсөтүүгө убада беришкени, бирок кылмыштын квалификациясын өзгөртүү үчүн иш жүзүндө эч кандай чара көрбөгөнү жана акча каражаттарын алдамчылык жол менен ээлеп алганы аныкталган.
Ош шаардык сотунун санкциясынын негизинде И.М. КР УКМКнын тергөө абагына, Ж.С. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Related posts

КР УКМК: Чүй облусунун Сокулук районундагы «Новопавловка коммуналдык ишканасы» муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды

admin

«Оригиналдан мыкты!». Азат Раимбердиевге эксперттер кандай баа беришти?

admin

Бишкекте 300 миң сом пара талап кылууга шектелип милиция кызматкери кармалды

admin

Комментарий