КР УКМК тарабынан Сот-прокуратура тутумундагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери И.С.К. (ортомчунун ролун аткарган) тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды.
Алсак, КР УКМКнын дарегине С.Р.Ш. жана И.С.К.га карата чара көрүү жөнүндө КР жараны арыз менен кайрылган, анда Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. арыз ээсинин жазык иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 4 000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган.
2025-жылдын 29-июлунда прокуратура кызматкери И.С.К. арыз ээсинен пара катары акча алып жаткан жеринен кармалган.
Ошол эле күнү Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. батирине жашынып, дааратканада мурда пара катары алган акчасынын бир бөлүгүн өрттөп жиберген. Бул фактынын негизинде соттук-химиялык жана соттук-техникалык-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында АКШ доллары түрүндөгү чет элдик банкноттор бар экендиги тастыкталган.
2025-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши С.Р.Ш. аттуу судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери И.С.К. КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары (опузалап пара талап кылуу) менен айыпталып, тергөө аяктаганга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.


