УКМК кызматкери Ысык-Көл спартакиадасынан сумо боюнча алтын медалга ээ болду

4–12-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин XXIV Эл аралык Ысык-Көл спартакиадасы «Азия – шериктештиктин жана тынчтыктын аймагы» урааны алдында өттү.

115 кг салмактагы таймашта Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкери мыкты оюн көрсөтүп, Өзбекстан, Россия жана Кытайдан келген күчтүү атаандаштарын жеңип, алтын медалга татыды.

Бул ийгилик кыргыз спортчуларынын жогорку даярдыгынын жана күч-кубатынын айкын далили болуп, өлкөнүн спорттук нукура намысын эл аралык аренада дагы бир жолу даңазалады.

Related posts

Ысык-Көлдө кыш чыгаруучу заводдун курулушу каржыланды

admin

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун имараты жаңыланды.

admin

Чок-Талдагы жол кырсыгынан төрт адам каза тапты, арасында бөбөк бар

admin

Комментарий