КР УКМК: коммерциялык объектилердин мыйзамсыз курулуусу боюнча

Мыйзамсыз көрүнүштөрдү, анын ичинде коррупциялык мүнөздөгү көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын алкагында айрым ишкердик субъектилеринин жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан «кызыл сызык» деп аталган аймактын чектерин жана Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын башка ченемдеринин талаптарын одоно бузулгандыгы аныкталды
Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында, 7-Апрель көчөсүн бойлой курулган бир катар коммерциялык кыймылсыз мүлк объектилери (Ахунбаев көчөсүнөн Масалиев проспектисине чейин) «кызыл сызыкты» сактоо боюнча шаар куруу эрежелерин түздөн-түз одоно бузуу жолдору менен курулганы аныкталган.
Тактап айтканда, ири ишкерлердин бири, «Асман», «Мейкин», «Сый Ордо», «Ата», «Ак булут» жана «Ак Сарай» банкеттик залдарынын кожоюну1990-ж.т. «С.А.С.» аттуу КР жараны өзүнүн каржылык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу менен, компитенттүү мамлекеттик кызматкерлердин кенен чөйрөсү менен тыгыз байланышта болуп, алардын кээ бирлери менен кылмыштуу бүтүмгө келип, ошондой эле алардын калкалоосунунан пайдаланып карамагындагы ресторандардын аянтын өзүм билемдик менен көбөйтүп, коммерциялык объектилеринин капиталдык бөлүктөрүн ижарага алынган муниципалдык жер тилкелерине жайгаштырган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 2025-жылдын 10-сентябрь күнү КР КЖПК 96-беренесинин талаптарын ылайык «С.А.С.» кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча ар тараптуу системалуу иштер, ошондой кылмыштуу иштерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Related posts

Бишкектеги хостелде чыккан мушташ: 20 милиция кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды

admin

«Медик болом дечү». Ак-Сууда 18 жаштагы кыз каза болгон окуя тергелип бүттү

admin

Мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрүлдү

admin

Комментарий